24.04.2021 №120
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол, Отрадный, Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңильчек, Жыргалаң, Теплоключенка, Октябрь, Челпек, Бөрү-Баш жана Кара-Жал айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол, Отрадный, Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңильчек, Жыргалаң, Теплоключенка, Октябрь, Челпек, Бөрү-Баш жана Кара-Жал айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына 2, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги
- Тепке айылдык кеңешинин
- Каракол айылдык кеңешинин
- Отрадный айылдык кеңешинин
- Ак-Чий айылдык кеңешинин
- Ак-Булуң айылдык кеңешинин
- Боз-Учук айылдык кеңешинин
- Кереге-Таш айылдык кеңешинин
- Эңильчек айылдык кеңешинин
- Жыргалаң айылдык кеңешинин
- Теплоключенка айылдык кеңешинин
- Октябрь айылдык кеңешинин
- Челпек айылдык кеңешинин
- Бөрү-Баш айылдык кеңешинин
- Кара-Жал айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 24-апрели
№ 120