№243 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

- Айдосов Айболот Абдурахманович;

- Сагынбеков Бектурган Сагынбекович;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нонкина Лариса Викторовна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 17-июлу

№ 243