№ 117 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 105 токтому менен 2017-жылдын 18-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу, айылдык кеңешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн берилгендигине байланыштуу, өткөн жок.

Жогоруда баяндалгандын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен, 2017-жылдын 2-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

 2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

        


 ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА


 Бишкек ш., 2017-жылдын 19-майы

 № 117