№ 202 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы “2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана ч

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 21-беренесине, 2016-жылдын 3-ноябрындагы №174 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы “2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” № 187 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсин жана төмөнкүдөй тартипте баяндалсын:

 - Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) кошумча түзүлгөн участкаларынын тизмеги бекитилсин (2-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 13-ноябры

№ 202