30.01.2020. №17 Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылы 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо учактокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун , Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.Шайлдабекова
Бишкек ш, 2020-жылдын 30-январы
№ 17