№356 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак; Ысык-Көл облусунун Каракол; Нарын облусунун Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал; Чүй облусунун Аламүдүн, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.А. Абдыманбетовдун, У.Э. Арзибекованын, А.Ж. Караеванын,                         Г.А. Тагаевдин, М.Т. Ибраеванын, Э.Б. Жусуеванын, Ф.А. Молдокеевдин, В.С. Калыбекованын, Д.Т. Жамангулованын, Н.А. Садвакасованын, Ж.Ч. Мусаевдин комиссиялардын курамдарынан, А.К. Байшембаеванын, С.У. Усеновдун, К.А. Эсеналиевдин, Э.Ж. Султангазиевдин, Э.Ж. Джапаровдун, А.А. Губарованын, У.Б. Акылбековдун комиссиялардын резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-августундагы сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Абдыманбетов Арафатбек Аканович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Республика” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Сулайманова Батма Даткабаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Эркин Эл” Кайра жаралуу партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Арзибекова Уулжан Элдияровна, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Караева Айгерим Жанышовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Тагаев Гуламгапыр Абдыкаарович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Республика” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Дыйканов Аслидин Абсатторович, “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Зияев Ниязбек Исмайилович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Шеримбетова Дамира Тологоновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Каракол  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибраева Мээрим Турганбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Акшумкар” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Бейшембаева Айнагул Куручбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенов Сулайманжан Усенович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтобаев Шерик Кадырбердиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Туран” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Молдогурманова Айзада Турдубековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Жусуева Элмира Бердиматовна, Айдаралиева Жыпар Акановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Республика” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Замирбеков Нарынбек Замирбекович, “Акшумкар” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Байтокова Астра Дүйшөналиевна, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Абдылдаев Алмазбек Амантурович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Эсеналиев Каныбек Алтымышович комиссиянын резервинен чыгарылсын.

6. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Молдокеев Фридон Асылбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Султангазиев Эрлан Жыргалбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-“Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Муктарбекова Айымзина Муртбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

7. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калыбекова Венера Сапаралиевна, Жамангулова Динара Токтомамбетовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джапаров Мырзабек Качкынбаевич, Губарова Алена Анатольевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-“Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Султаналиева Алмабюбу Чардаевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исакунова Төлөгүл Женишовна, Мамытмусаева Атыркул Омошовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

8. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Садвакасова Назира Алмырзаевна, Мусаев Жайыл Чубакович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акылбеков Улан Болотович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-“Элдик-Народная” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ракымбекова Айгерим Ракымбековна, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Худоярова Айшагул Абдиманнабовна  резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

9.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 15-августу 
№ 356