№257 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Т.Ш. Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ш. Масадыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнүлөр катталсын:
- Турсунбаев Нурбек Шаршеналиевич;
- Текешов Рахимбек Анарбекович;
- Шейшеналиев Нурдин Канатбекович;
- Кулумбаева Бэла Темировна;
- Токомбаева Нуржамал Сейиткановна;
- Данияров Айбек Бахтыбекович. 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ш. Масадыковдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 


ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                     А.БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2017-жылдын 21-июлу
№257