№179 Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 154 токтому менен 2018-жылдын 13-августуна дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 
2018-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Орок айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан түшкөн арызынын негизинде Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасынан Орок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Чоодуев Уран Казымбековичтин квалификациялык  талаптарга шайкештигин текшерип жана шайлоонун жыйынтыктарын бекитүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө кат келип түшкөн. 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайланган айыл өкмөтүнүн башчысынын мыйзамдар менен белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Компетенттүү органдардын расмий маалыматтарына ылайык У.Чоодуевдин иш стажысы жана жогорку билими бар экендиги тастыкталган. 
2018-жылдын 22-сентябрындагы Сокулук районунун прокуратурасынын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча У. Чоодуевдин квалификациялык талаптарга шайкеш келбегендиги тууралуу жүйөлөр тастыкталган жок. 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-августундагы № 167 токтому менен 2018-жылдын 13, 14-сентябрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай, Миң-Куш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-августундагы № 172 токтому менен 2018-жылдын 18-сентябрына дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай, Миң-Куш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан, Чүй облусунун Ысык-Ата райнунун Юрьевка, Сокулук районунун Орок, Жаңы-Пахта айыл өкмөтөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Жумгал, Кадамжай, Ысык-Ата жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Орок айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 13-августундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Чоодуев Уран Казымбекович  табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 13-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
2.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп   Кудайбергенов Рысбек Молдакматович  табылсын. 
3. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 14-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
3.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп   Алманбетов Канат Джакупович  табылсын. 
4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 14-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
4.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп   Абдилатов Эсен Акимович  табылсын.  
5. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 18-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
5.1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп   Асанов Кемелбек Джумабекович  табылсын.  
6. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 18-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
6.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
6.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Абдусатторов Неъмоншо Махмадшоевич табылсын.   
7. Сокулук, Жумгал, Кадамжай жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 25- сентябры
№179