№280 2017-жылдын 20-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-июлундагы № 206 токтому менен 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Осмонова Галбу Акушовна табылсын.

2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 26-июлу 
№ 280