11.12.2020 №426 2020-жылдын 7-декабрында өткөрүлгөн Ош облусунун  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы №345 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жунусов Нурланбек Эркинович жана Эсенали уулу Уланбек жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталып катталышкан.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-декабрындагы протоколу менен Кыргыз-Ата айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын баардыгы катышып, Н.Э.Жунусов - 16 добуш, Эсенали уулу У. - 15 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-декабрындагы протоколу менен Жунусов Нурланбек Эркинович Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 

2020-жылдын 7-декабрындагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 7-декабрында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жунусов Нурланбек Эркинович Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 11-декабры

426