18.06.2021 № 511 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         26-майындагы № 327 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Саткыналиев Урустамбек Камбаралиевич, Төралиев Алчыбай - Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Ак-Турпак айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, У. Саткыналиевге – 5 добуш,                              А. Төралиевге – 15 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Төралиев Алчыбай Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 14-июнундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Төралиев Алчыбай Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну

№ 511