15.06.2021 № 468 2021-жылы 2 жана 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жө
2021-жылы 2 жана 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун
Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 2 жана 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 220 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Секелеңов Рыскулбек Самидинович, Карагулова Токторбубу Дуйшонбековна катталган. Талапкерлер Көк-Ирим айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Көк-Ирим айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, 1 турда: Р. Секелеңовго – 8 добуш, Т. Карагуловага – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Секелеңов Рыскулбек Самидинович Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Олжотоев Марлис Жээнбекович катталган. Талапкер Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан сунушталган.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Сары-Булуң айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, М. Олжотоевге – 11 добуш берилгендиги белгиленген.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Олжотоев Марлис Жээнбекович Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевич, Рыспаев Нурадил Рыспаевич катталган. Талапкер Э. Артыкбаев Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан, талапкер Н. Рыспаев Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Каргалык айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Э. Артыкбаевге – 15 добуш, Н. Рыспаевге – 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевич Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 2, 3-июнундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 3-июнунда өткөрүлгөн Сары-Булуң жана Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2 жана 3-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Секелеңов Рыскулбек Самидинович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Олжотоев Марлис Жээнбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевич Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көк-Ирим, Сары-Булуң, Каргалык айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 468