№142 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү шайлоо округу жана 17 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 22954тү түзүп, анын ичинен 14132 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 61,58 % түзөт.

Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 02-июнундагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2017-жылдын 13- июну

№ 142