15.06.2021 № 439 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын            24-майындагы № 284 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.    Нарын облусунун Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер –Болотбеков Самарбек «Ыйман Нуру», «Улуу Кыргызстан» «Патриот Ынтымагы», «Ордо» депутаттык фракциясынан, Суранов Алмаз Суранович «Бийлик Элге», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.                                                                                                      Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Нарын шаардык кеңешиндеги баардык 31 депутатты катышып, С. Болотбеков - 19 добуш,А.С. Суранов – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.      Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Болотбеков Самарбек Нарын шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.                                                                                                            Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.      2021-жылдын 11-июнундагы Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык                                                                                        

КыргызРеспубликасынынШайлоожана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.                                        

1.1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.                                                                                                        

1.2. Болотбеков Самарбек Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.                                                                      

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Нарын шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «ЭркинТоо» газетасынажанаКыргызРеспубликасынынШайлоожана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясынынрасмийсайтынажарыялансын.                                                                                       4. БултоктомдунаткарылышынконтролдооКыргызРеспубликасынынШайлоожана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясынынтөрагасынын орун басарыА.Г. Бекматовгожүктөлсүн

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

439