№206 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2017-жылдын 3, 5-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова, Чүй облусунун Москва районунун Александровка, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо депутаттардын кворуму жок болгондугуна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо “бардык талапкерлерге каршы” деген позицияга депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине, Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова, Чүй облусунун Москва районунун Александровка, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, мурда көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча, кайра шайлоо 2017-жылдын 20-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2017-жылдын 20-июлуна дайындалсын, Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо - саат 15-00дөн 18-00гө чейин, Совет айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо - саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары кайра шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 6-июлу,

№ 206