«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2015-жылдын 23-июлу
№ 74
2015-жылдын 23-июлунда жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 23-июлундагы
№ 74 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби |
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Баткен облусу |
||||
|
Баткен району |
||||
| 1. |
Кара-Булак айылдык |
Эрматов Таалайбек Сайитказиевич |
Өз арызы |
№ 151, 15.12.2012-ж. |
| 2. |
Эрматов Алмазбек Сайтгазиевич |
Өз арызы |
||
| 3. |
Дуйшоева Канзада Маткалыковна |
Өз арызы |
||
| 4. |
Абдилатов Зикирия |
Өлгөндүгүнө байланыштуу |
||
| 5. |
Дара айылдык |
Мусаев Нурали |
Өз арызы |
|
|
Лейлек району |
||||
| 6. |
Маргун айылдык |
Шералиев Курбанбай Кахарович |
Өз арызы |
№48, 16.03.2012-ж. |
|
Нарын облусу |
||||
|
Жумгал району |
||||
| 7. |
Миң-Куш айылдык |
Алманбетов Канат Джакупович |
Өз арызы |
№ 154, 15.12.2012-ж. |
|
Чүй облусу |
||||
| 8. |
Токмок шаардык |
Санжуров Рахи Мусарович (“Ынтымак” ш/т) |
Өз арызы |
№55, 28.03.2012-ж. |
|
Жалал-Абад облусу |
||||
| 9. |
Жалал-Абад шаардык |
Эгембердиев Максатбек Бакирович («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) |
Өз арызы |
№ 152, 15.12.2012-ж. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын 2015-жылдын
23-июлундагы № 74 токтомунун
2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
Ээлеген кызматы, кызмат орду |
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
|
Баткен облусу |
||||
|
Баткен району |
||||
| 1. |
Кара-Булак айылдык |
Жаникулов Улукбек Абдимажитович |
Баткен району, “Кызыл Ай” коому, ассистент |
№15, 7.07.2015-ж. |
| 2. |
Закирова Карамат |
“С.Эрматов” атындагы орто мектеби, мугалим |
||
| 3. |
Батыров Акылбек Дуйшоевич |
Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана мамлекеттик каттоо башкармалыгы, жетекчөөсү адис |
||
| 4. |
Нуридинов Кубанычбек Сапарбаевич |
Убактылуу иштебейт |
||
| 5. |
Дара айылдык |
Боронбаева Айзада Жумаевна |
Чек орто мектеби, мугалим |
|
|
Лейлек району |
||||
| 6. |
Маргун айылдык |
Юлдашев Айбек Махаматович |
“М.Юлдашев” атындагы орто мектеби, мугалим |
№3, 8.07.2015-ж. |
|
Нарын облусу |
||||
|
Жумгал району |
||||
|
7. |
Миң-Куш айылдык |
Бакиев Эдил Зарлыкович |
Убактылуу иштебейт |
№15, 3.07.2015-ж. |
|
Чүй облусу |
||||
| 8. |
Токмок шаардык |
Токтоболотов Джумабек Шейшенбекович (“Ынтымак” ш/т) |
Токмок шаары, спорттук мектеп, башкы машыктыруучу |
№24/1, 21.07.2015-ж. |
|
Жалал-Абад облусу |
||||
| 9. |
Жалал-Абад шаардык |
Юлдашев Наби Ганижанович («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) |
Жеке ишкер |
№9, 15.07.2015-ж. |