№ 107 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын  жетекчиликке алып, шайлоодо жана референдумдарда эл аралык байкоочулардын иш тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы


ТОКТОМ КЫЛАТ:


 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:

1)  Стриганов Валерий Николаевич -    Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчылыгынын информатизация башкармалыгынын начальниги;

2) Стельмах Александр Васильевич – Украинанын шайлоочуларынын мамлекеттик реестринин тескөө кызматынын жетекчиси;

3) Дашзевег Эрдэнэчулуун – Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

4) Шижирбаатар Энхбаатар – Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын юридикалык бөлүмүнүн директору;

5)   Тургынбай Сманалы Жумабайулы – Казакстан Республиксынын Кордай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;

6)  Кулибаев Марат Кулибаевич – Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жуалин райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

 

2. Аккредиттелген эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.

        

 

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 4-майы

№ 107