№195 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   7-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы ПЖ №125 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууну даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын

 Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 4-июлу

№ 195