№129 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Тоголок-Молдо айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2019 түзүп, анын ичинен 830 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 41,11% түзөт.

Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 2 - июну

№ 129