28.04.2021 №150 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Исфана шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Исфана шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн. Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 9 саясий партия катталды, 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Кыргызстандын-элдик демократиялык партиясы» - 23,12% (9 мандат); «Мурас» - 18,35% (8 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 15,37% (6 мандат); «Республика» - 9,85% (4 мандат); «Ынтымак» - 9,46% (4 мандат). Шайлоочулардын саны 19635 түзүп, анын ичинен 7176 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 36,55% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 10 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана Исфана шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 28-апрели,
№ 150