2013-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 152 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын – Логвиненко айыл өкмөт башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 14-октябрындагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Доронбеков Алмаз Курманбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган Логвиненко айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. Д. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 22-октябры
№ 160