№149 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңештеринин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова жана Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңештеринин биринчи уюштуруу сессиялары өткөрүлгөн.

 “Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын     6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Кемин районунун Көк-Ойрок, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупова жана Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 14-июну

№ 149