Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына «Ата-Журт», «Акыйкат», «Акшумкар», «Эгемен Кыргызстан», «Ата-Мекен» саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкү саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- «Ата-Журт»саясий партиясы 12 адам (тизме тиркелет);
- «Акыйкат» саясий партиясы 4 адам (тизме тиркелет);
- «Акшумкар» саясий партиясы 122 адам (тизме тиркелет);
- «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясы 41 адам (тизме тиркелет);
- «Ата-Мекен» саясий партиясы 9 адам (тизме тиркелет).
2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш, 2010-жылдын 6-октябры
№ 303