№330 2017-жылдын 28-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 223 токтому менен 2017-жылдын 28-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Усеналиев Талантбек Асангариевич табылсын.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 7-августу 
№ 330