Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … 13.11.2020 №311 2020-жылдын 14-августунда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун …

13.11.2020 №311 2020-жылдын 14-августунда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жана шайлоону дайындоо жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 14-августуна дайындалган.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясына Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкерден – Т. Ж. Дуйшенбаева менен М. М. Усубалиевден документтер түшкөн.

Мында М. М. Усубалиев Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу жок экендиги жөнүндө КР ИИМдин МТББнын 2020-жылдын 16-июлундагы №OSKO1-627446 маалымкатын тапшырган.

2020-жылдын 8-августунда Тоң аймактык шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкерди – Т. Ж. Дуйшенбаеваны жана М. М. Усубалиевди каттаган.

2020-жылдын 14-августунда Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча М. М. Усубалиев – 10, ал эми Т. Ж. Дуйшенбаева 0 добуш алган.

2020-жылдын 7-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун прокуратурасынан КР БШКга (кириш №05/1871) кат келип түшкөн, катта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайланган талапкер М. М. Усубалиев Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун 2012-жылдын 12-июлундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары – КР ЖК)  167-беренесинин 2-б. 2, 3-п., 3-б. 2-п., 4-б. 1-п. боюнча күнөөлүү деп таанылып, ага КР ЖК 56-беренесин колдонуу менен 300 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу түрүндө жаза белгиленгени көрсөтүлгөн. КР ЖК 13-беренесине ылайык (жоопкерчиликке тартылган учурда колдонулган 1997-жылдагы редакциясы) 167-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш өзгөчө оор кылмышка кирет, ал эми КР ЖК (2017-жылдагы редакциясы) 201-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2, 3-пункттары оор кылмышка кирет.

Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук прокуратурасы чечим кабыл алууда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууну жана Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын тийиштүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү суранган.

КР БШК 2020-жылдын 31-августунда КР ИИМдин МТББге суроо-талап жөнөткөн, берилген маалымат боюнча 12.07.1984-жылы туулган М.М. Усубалиевге Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту тарабынан КР ЖК 167-беренесинин 2-б. 2,3-п., 3-б. 2-п., 4-б. 1-п. ылайык, КР ЖК  56-беренесин колдонуу менен 30 000 сом өлчөмүндө айып салууга өкүм чыгарылган. Берилген маалымат боюнча КР ЖК 76-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык (1997-жылдагы редакция) 2013-жылы соттолгондугу жоюлган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт”.

Ошентип, өзгөчө оор кылмыш (1997-жылдагы редакция) жасагандыгы үчүн мурда жазык жоопкерчилигине тартылган, оор кылмыш (2017-жылдагы редакция) Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайланган талапкер М.М. Усубалиевдин пассивдүү шайлоо укугу жоктугунун фактысы ырасталган.

 “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жобонун 9-1 пункту менен талапкер шайлоо комиссиясына берилүүчү маалыматтардын аныктыгын ырастай тургандыгын жана көрсөтүүлүү, каттоо же болбосо шайлоонуу максатында анык маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартары каралган.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 872-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык билип туруп шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти бергендиги, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыргандыгы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин жоопкерчилиги каралган.

“Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жобонун 47- пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысын шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин жана кызмат ордуна киришкенге чейин шайланган айыл өкмөт башчысынын пассивдүү шайлоо

укугунун жок экендиги же ал айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна белгиленген тартипти бузуу менен шайлангандыгы жөнүндө фактынын болгондугу ырасталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алынган чечимдерди жана токтомдорду жокко чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт, шайлоону болбой калды деп тааныйт, зарыл учурда айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын чечими жокко чыгарылсын.

2. 2020-жылдын 14-августундагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жараксыз деп таанылсын.

3. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына саат 09:00дөн 12:00гө чейин дайындалсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкер М. М. Усубалиевдин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн токтом Ысык-Көл облусунун Тоң районунун ИИБге жөнөтүлсүн.

5. Документтерди кабыл алууда жана алардын мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүүдө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Р.С. Абдыкеримовдун жетишсиз иш алып баргандыгы белгиленсин.

6. КР БШКнын Тоң жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Б. К. Омуралиевдин аймактык шайлоо комиссиясына методикалык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтери үчүн тартиптик жоопкерчилиги каралсын.

7. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштурсун.

8. Ушул токтом Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

9. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА  

 

Бишкек ш., 13-ноябры  2020-жылы

№ 311