№ 143 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Чүй облусунун Москва, Ош облусунун Ноокат, Нарын облусунун Ат-Башы жана Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

№ 143 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Чүй облусунун Москва, Ош облусунун Ноокат, Нарын облусунун Ат-Башы жана Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.М.Мамюсуповдун, У.Т.Назаралиевдин, Э.Б.Жорокуловдун, В.В.Килязованын, Г.О.Бектургановдун, А.А.Мамытовдун, Э.С.Нааматованын, А.К.Ашырбековдун, Б.Э.Сейитбековдун, М.Т.Борюнованын аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тажимурза уулу Ильясбекти чыгаруу жөнүндө 2016–жылдын 2-сентябрындагы №7 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын аймагынан А.А.Алымкуловдун чыгып кеткендигине байланыштуу аны аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө  «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынын регионалдык өкүлү Ю.В.Матвееванын  кайрылуусунун жана аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган А.У.Калмуратовду, З.А.Тажибаевди, К.Б.Бакаевди, У.Ж.Исаковду, Р.М.Джукушевди, М.А.Эндешовду, Ж.Т.Бегалиевди, Т.Бакеловду, А.Ж.Карымбаевди, Ж.Ж.Аалиевди, Ч.С.Мааткееваны киргизүү боюнча атайын өкүлдөрдүн сунуштарынын негизинде,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
       ТОКТОМ КЫЛАТ: 
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамаюсупов Алижан Маматкадырович, «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Назаралиев Улугбек Толонбаевич чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына «Эмгек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калмуратов Арапбай Умарович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тажибаев Зулпукар Абарович киргизилсин.
2. Чүй облусунун Москва  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Эркин Эл» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тажимырза уулу Ильясбек, «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымкулов Азамат Алтынбекович, «Акшумкар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жорокулов Эльдияр Болотбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Килязова Валерия Владимировна чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бектурганов Гамзат Орумбекович чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бакаева Калбү Бокоевна, Искаков Улан Джыргалбекович, Джукушева Роза Молабековна, Бегалиева Жанылкан Токтогоновна киргизилсин. 
3. Ош облусунун Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамытов Акжол Асанович чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович киргизилсин.
4. Нарын облусунун Ат-Башы  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-  комиссиянын курамынан «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нааматова Эркеайым Судьярбековна, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн», Ашырбеков Алмазбек Калыбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сейитбеков Бактыбек Эркинбекович чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бакелов Темирбек, Карымбаев Алыкул Жолдошалиевич, Аалиева Жыпаргүл Жумакадыровна киргизилсин.
5. Талас облусунун Кара-Буура  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Борюнова Мира Таранчиевна чыгарылсын;
-   резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Маткеева Чолпон Садыковна киргизилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабековага жүктөлсүн.  
       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 
Бишкек ш., 2016-жылдын 21 - сентябры
№  143