Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4-июлу
№ 89
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 4-июлундагы
№ 89 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган
жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби |
Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Ыссык-Көл облусу |
||||
|
Ыссык-Көл району |
||||
|
Чолпон-Ата шаардык |
Кендирбаев Улан Сапарович |
Мамлекеттик кызматка дайындалган |
№153, 15.12.2012-ж. |
|
|
Талас облусу |
||||
|
Бакай-Ата району |
||||
|
Боо-Терек айылдык |
Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович |
Өз арызы |
№156, 15.12.2012-ж. |
|
|
Жалал-Абад облусу |
||||
|
Сузак району |
||||
|
Ленин айылдык |
Баймуратов Чынгыз Тобокелович |
Өз арызы |
№152, 15.12.2012-ж. |
|
|
Джунусбаев Осмонжан |
Өз арызы |
|||
|
Абибова Лола Сабыровна |
Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган |
|||
|
Кара-Дарыя айылдык |
Жамшитов Жанышбек |
Өз арызы, муниципалдык кызматка дайындалган |
||
|
Чүй облусу |
||||
|
Москва району |
||||
|
Ак-Суу айылдык |
Ибраимов Сабир Маратович |
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган |
№157, 15.12.2012-ж. |
|
|
Беловодск айылдык |
Булекбаев Орумхан Касымович |
Өз арызы |
||
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 4-июлундагы
№ 89 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлеринин тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
Ээлеген кызматы, кызмат орду |
Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
|
Ыссык-Көл облусу |
||||
|
Ыссык-Көл району |
||||
|
Чолпон-Ата шаардык |
Мусаева Анаркуль Кыштоевна |
Жеке ишкер |
№14, 12.05.2014-ж. |
|
|
Талас облусу |
||||
|
Бакай-Ата району |
||||
|
Боо-Терек айылдык |
Абдрахманов Нураалы Каныбекович |
“Ак-Тилек” д/ч., мүчө |
№19, 27.06.2014-ж. |
|
|
Жалал-Абад облусу |
||||
|
Сузак району |
||||
|
Ленин айылдык |
Абдуллаев Эмилбек Садирбекович |
Ленин айыл аймагы, жаштар кеңеши, мүчө (коомдук башталышта) |
№ 30, 23.06.2014-ж. |
|
|
Курманалиев Шамидин Кимсанович |
Жеке ишкер |
|||
|
Толонов Аттокур Толонович |
Жеке ишкер |
№ 31, 25.06.2014-ж. |
||
|
Кара-Дарыя айылдык |
Мадимаров Тавалдыбек Жайлоович |
Жалал-Абад ЭИУ, окутуучу |
||
|
Чүй облусу |
||||
|
Москва району |
||||
|
Ак-Суу айылдык |
Эгембердиев Кубан Джумагазымович |
Жайыл РСЧБ, бөлүмдүн начальниги |
№13, 23.06.2014-ж. |
|
|
Беловодск айылдык |
Азимова Насибахан Аудовна |
“НААТиК” д/ч., башчы |
№14, 24.06.2014-ж. |
|