№205 2017-жылдын 30-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок жана Панфилов районунун Курама айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 149 токтому менен 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок жана Панфилов районунун Курама айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Аламүдүн, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Асанкулов Бекболсун Сатаркулович табылсын.

2. Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Курама айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Эсенаманов Бакытбек Замирбекович табылсын.

3. Аламүдүн, Панфилов аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 6-июлу.

№ 205