К.А. Ибраеванын Г.Э. Абдыракманованын, Т.М. Тажикованын, Э.О. Момошовдун арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраева Касиет Амановна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиева Фарида Темиркановна киргизилсин.
2. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыракманова Гулайым Эсеновна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамбеталиев Бейшенбек Канаевич киргизилсин.
3. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тажикова Таалайкан Мамытбакиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кутубаев Кайратбек Кубанычбекович киргизилсин.
4. Жалал-Абад облусунун Таш-Кумыр шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Момошов Эмилбек Омурбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонов Эльзарбек Чылыбаевич киргизилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 24-сентябры
№ 151
2015-жылдын 24-сентябрында жарыяланды