№67 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколдорун.........

2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколдорун бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Самаркандек айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Самаркандек айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 48 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 6411 түзүп, анын ичинен 2292 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 35,8 % түзөт.

Ак-Сай айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Ак-Сай айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 46 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 3851ди түзүп, анын ичинен 1786 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 46,4 % түзөт.

Ак-Татыр айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 46 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 3460 түзүп, анын ичинен 1589 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 45,9 % түзөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык:

- №8059, №8058, №8060, №8186 жана №8057 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп  таанып,  Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган;

- №8064, №8063, №8062 жана №8198 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп  таанып,  Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган;

- №8056, №8055 жана №8061 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп  таанып,  Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).

3. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештерине жиберилсин.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2019-жылдын 27- майы,
№ 67