Кыргыз Республикасынын Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык аймактык.....

Кыргыз Республикасынын Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык аймактык  шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Нарын шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечими бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутатынын күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү кеңешке жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24-январы
№ 12