Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16 токтому менен дайындалган А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 12-февралында өткөрүлдү.
А. Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 12-февралында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилсин.
3. Талапкер Мурзаев Насирдин А.Масалиев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелсин.
Шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 12-марты
№ 36