Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди: А.К.Мадумаровдун 2011-жылдын 14-июлундагы анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Мамытовду каттоо жөнүндө сунуштамасын, Б.Мамытовдун 2011-жылдын 14-июлундагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арызын карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 19-беренесенинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мамытов Бекибай, 1951- жылы туулган, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы катталсын.
- Мамытов Бекибайга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш, 2011-жылдын 19-июлу
№ 34