09.06.2021 № 374 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 221 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Караев Нурбек Адилбекович катталган. Талапкер Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Кара-Дарыя айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Н. Караевге – 21 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Караев Нурбек Адилбекович Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Халилов Таалайбек Жалалович, Парпиев Эмилбек Азимжанович катталган. Талапкер        Т. Халилов Сузак райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан жана Э. Парпиев Ырыс айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Ырыс айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Т. Халиловго – 28 добуш, Э. Парпиевге –  3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Халилов Таалайбек Жалалович Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 2-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Караев Нурбек Адилбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Халилов Таалайбек Жалалович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 374