28.04.2021 №146 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Кочкор-Ата шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 5 саясий партия катталды, баары төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ата-Журт Кыргызстан» - 38,18% (8 мандат); «Ынтымак» - 31,07% (7 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 10,87% (2 мандат); «Улуттар Биримдиги» - 9,54% (2 мандат); «Республика» - 7,95% (2 мандат). Шайлоочулардын саны 9188 түзүп, анын ичинен 3080 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 33,51% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 5 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана Кочкор-Ата шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2021-жылдын 28-апрели,

№ 146