Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир айылдык кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын 2,3-пункттарына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 1 544 300 (бир миллион беш жүз кырк төрт мин үч жүз ) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 7-марты
№ 42