Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкердин шайлоо фондусун түзүү үчүн шарттарды камсыздоо максатында, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун жана 2012-жылдын 4-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фондусунун атайын эсебин ачуу үчүн банктык мекеме болуп “РСК Банк” ААКсы аныкталсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-январы
№ 15