Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 86 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо …

№ 86 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

 Саясий партиялар жана шайлоонун башка катышуучулары үчүн үгүт жүргүзүүдө тең жана адилеттүү шарттарды, алардын Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоосун, шайлоочулардын өздөрүнүн эрктерин аң-сезимдүү билдирүүлөрүн жана шайлоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максаттарында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-главасын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- «Маалыматтык талаш-тартыш жана шайлоону камсыз кылуунун башка маалыматтык маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 116, 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 49;

- «Маалыматтык талаш-тартыш жана шайлоону камсыз кылуунун башка маалыматтык маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 116.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодошайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун курамы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын Буйругу менен бекитилет.

4. Ушул токтом «Эркин Тоо» гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Н. А. Ашимовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                       Т.АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 86

 

2015-жылдын 28-июлунда жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдумдарды

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 28-июлундагы 

№ 86 токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо

шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын

 көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндө 

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

2. Жумушчу топту түзүү жана курамы

3. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары жана иш тартиби

4. Жумушчу топтун чечимдери жана сунуштамалары

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын жана милдеттерин, түзүүнүн тартибин жана ишинин формаларын аныктайт. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан(мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине уюуштурулат. 

1.2. Жумушчу топ саясий партиялар жана шайлоонун башка катышуучулары үчүн үгүт жүргүзүүдө тең жана адилеттүү шарттарды, алардын Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоосун, шайлоочулардын өздөрүнүн эрктерин аң-сезимдүү билдирүүлөрүн жана шайлоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максаттарында түзүлөт.  

1.3. Жумушчу топ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

 

2. Жумушчу топту түзүү жана курамы 

2.1. Жумушчу топ шайлоо дайындалгандан кийин 5 күндүн ичинде түзүлөт. 

2.2. Жумушчу топ жетекчисинин, жетекчисинин орун басарынын жана Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн курамында Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын буйругу менен бекитилет. Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана тартылган адистердин катарынан куралат.  

2.3. Жумушчу топ 7 мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.  

2.4. Жумушчу топтун курамына өзгөртүү киргизүү ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

3. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары жана иш тартиби 

3.1. Жумушчу топтун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- шайлоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү уюмдары жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары тарабынан берилген саясий партияларга эфирдик убакытты, басма аянтын берүүгө даярдык, ошондой эле аларды төлөөнүн көлөмдөрү жана башка шарттары жөнүндө кабарландырууларды жыйноо жана тутумдаштыруу;

- саясий партиялар тарабынан алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугун аныктоо үчүн берилген басма үгүт материалдарынын же алардын көчүрмөлөрүнүн нускаларын, укма-көрмө үгүт материалдарынын, фотосүрөттөрдүнбашка үгүт материалдарынын нускаларын кароо;

- шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоолордун натыйжаларын жарыялоого тийиштүү маселелерди кароо;

- шайлоо алдында үгүт жөргүзүүнү жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин бузуулар жөнүндө кайрылууларды алдын ала кароо;

- шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар тарабынан жол берилген шайлоо алдында үгүт жөргүзүү тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды жыйноо жана тутумдаштыруу;

- тийиштөө корутундуларды (чечимдерди) даярдоо жана кабыл алуу;

- шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечимдеринин жана башка актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна киргизүү. 

3.2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн кайрылуулар, арыздар, даттануулар жана башка документтер Жумушчу топтун отурумдарында каралат. 

3.3. Жумушчу топтун отурумун зарылдыгына жараша Жумушчу топтун жетекчиси чакырат. Жумушчу топтун отуруму коллегиалдуу жана ачык жүргүзүлөт.

Жумушчу топтун отуруму, эгерде анда Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынын жарымынан көбү катышып отурса, укукченемдүү болуп саналат. 

Жумушчу топтун отуруму анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

Жумушчу топтун отурумдарына Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналышпаган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышып отурууга жана өз пикирлерин билдирүүгө укуктуу .

Жумушчу топтун отурумуна арыздануучулар, иш-аракеттери маселени Жумушчу топтун кароосуна киргизүү үчүн негиз болгон адамдар, алардын кызыкчылыктарынын атынан чыгууга ыйгарым укуктуу адамдар жана башка кызыкдар жактар чакырылышы мүмкүн. Арыздануучунун жана башка кызыкдар жактардын атынан чыгуу ыйгарым укугу колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболонушу керек.  

Жумушчу топтун отурумуна киргизилген маселелерди кароо үчүн тиешелүү шайлоо комиссияларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер, көз карандысыз эксперттер чакырылышы мүмкүн.   

3.4. Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет. 

 

4. Жумушчу топтун чечимдери жана сунуштамалары 

4.1. Жумушчу топтун отурумдарында маселени кароонун натыйжалары боюнча Жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Жумушчу топтун чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.

Жумушчу топтун чечими Жумушчу топтун отурумда ачык добуш берүү менен катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. 

«Макул» жана «каршы» добуштар тең болуп калган учурда, Жумушчу топтун отурумунда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.  

4.2. Эгерде Жумушчу топтун кароосунун предмети ал өзү атынан чугуучу, жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашыруучу уюмдун аракетине (аракетсиздигине) байланыштуу кайрылуу болуп саналса, Жумушчу топтун ал мүчөсү добуш берүүгө катышпайт. 

Зарыл болгондо Жумушчу топтун чечими, чечимдин тиешелүү долбоору, арыздануучуга жооптун долбоору, башка документтин долбоору Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилет.  

4.3. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузууларга тийиштүү кайрылуулар, бул кайрылууларга жооптордун көчүрмөлөрү, ошондой эле телерадиоберүү уюмдары жана мезгилүү басылмалардын редакциялары тарабынан берилген эфирдик убакытты, басма аянтын төлөөнүн көлөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар, эфирдик убакытты жана басма аянтын саясий партияларга берүүгө даярдык жөнүндө кабарламалар, башка документтер белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясына сактоого өткөрүлүп берилет.

Саясий партия мыйзамда белгиленген талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы Жумушчу топтун сунуштамаларынын жана корутундуларынын негизинде саясий партияга бузуулардын жол берилбестиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертме жасоого укуктуу. Саясий партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жумушчу топтун сунуштамаларынын жана корутундуларынын негизинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. 

4.4. Жумушчу топтун ишин камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.

Телерадиоберүү уюмдары жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары, башка юридикалык жактар Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча, тиешелүү адистерди Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жиберүүгө милдеттүү.

Тартылган адистерге шайлооун даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сый акы төлөнүп берилиши мүмкүн.