№262 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерл

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 131, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
    
 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 164 000 (жүз алтымыш төрт миң) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн. 
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн. 


ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                        А. БЕКМАТОВ

Бишкек шаары, 2017-жылдын  21-июлу   
№ 262