Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбекова Алтынай Сейтбековнадан ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктчасын, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбекова Алтынай Сейтбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбекова Алтынай Сейтбековнанын № 096 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 8-июлу
№ 8