“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасындагы калктуу пункттардын-поселкалардын статусун белгилөө маселеси мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин поселкалык башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн тартибин аныктоо үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин жүзөгө ашырууда поселкалардын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү болуп эсептелген жарандардын укуктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо демократиялык прициптерди жана талаптарды, атап айтканда айыл өкмөт башчыларына көрсөтүү субьектилерин кеңири камтууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 1-главасынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын поселкалык башкарууларынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн тартиби “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жобо менен белгиленген айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартибине ылайык жүргүзүлөт”.
2. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты
№ 44