26.04.2021 №137 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Ак-Талаа, Ача-Кайынды, Ак-Муз, Ак-Моюн, Баш-Кайынды, Кара-Суу, Кара-Коюн жана Талды-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу А

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Ак-Талаа, Ача-Кайынды, Ак-Муз, Ак-Моюн, Баш-Кайынды, Кара-Суу, Кара-Коюн жана Талды-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Ак-Талаа, Ача-Кайынды, Ак-Муз, Ак-Моюн, Баш-Кайынды, Кара-Суу, Кара-Коюн жана Талды-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги

- Ат-Башы айылдык кеңешинин

- Ак-Жар айылдык кеңешинин

- Ак-Талаа айылдык кеңешинин

- Ача-Кайынды айылдык кеңешинин

- Ак-Муз айылдык кеңешинин

- Ак-Моюн айылдык кеңешинин

- Баш-Кайынды айылдык кеңешинин

- Кара-Суу айылдык кеңешинин

- Кара-Коюн айылдык кеңешинин

- Талды-Суу айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

 

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                        ТӨРАГА                                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели

№137