№434 2017-жылдын 3-сентябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы № 125 Жарлыгы  менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде мандаттардын санын 31ди түзөт. Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 9587 түзүп, анын ичинен 5956 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 62,1 % түзөт.

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 3-сентябрындагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин (тиркелет).

  1. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Суу шаардык кеңешине жиберилсин.
  2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
  3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2017-жылдын 9 - сентябры 
№ 434