23.04.2021 №117 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ №21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Панфилов  районунун Кайыңды  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кайыңды  шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Кайыңды  шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Кайыңды  шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 6 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: “Столица” – 41,5% (9 мандат); “Ыйман-Нуру” – 16,5% (4 мандат); “Күчтүү Коом” – 15,1% (4 мандат); “Уулу-Журт” – 10.3%  (2 мандат); “Тынчтык” –10,2% (2 мандат).   

Шайлоочулардын саны 5 888 түзүп, анын ичинен 2 391 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 40,61% түзөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 4 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Чүй облусунун Панфилов районунун  Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктаган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).  

2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жана Кайыңды шаардык кеңешине жиберилсин.

4.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.  

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-апрели
№ 117