Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.К.Парманкуловдон келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.К.Парманкуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Нурдинов Имарали Абдирашутович, 1980 - жылы туулган, “Конструкторское
бюро инструментов” ААКнун менеджери;
- Борзий Виталий Николаевич, 1974 - жылы туулган, “Инструменты” ЖЧКнын директору;
- Айтыбекова Наргиза Мыктыбековна, 1990 - жылы туулган, “Инструменты” ЖЧКнын менеджери;
- Калгутинова Роза Бейшеакуновна 1957-жылы туулган, “Интерполиграф” ЖЧКнын бухгалтери;
- Алпамышев Элдияр Файзуллаевич, 1980-жылы туулган, “Кыргызтелеком” ААКнун адиси.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер З.К.Парманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2011-жылдын 8-сентябры
№ 244