№170 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» жана «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» жана «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 48-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9-пункттун төртүнчү пунктчасындагы «документтер» деген сөз «эмгек китепчесинин жана жогорку билими тууралуу дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9-пункттун төртүнчү пунктчасындагы «документтер» деген сөз «эмгек китепчесинин жана жогорку билими тууралуу дипломунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом «Эркин Too» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 27 август, 2018-жыл
№ 170