«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеснин 1-пунктунун 21-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
- «Люстрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу маселеси боюнча референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топ тиркемеге ылайык катталсын.
- Демилгелүү топко белгиленген үлгүдөгү каттоо жөнүндө күбөлүк берилсин.
- Демилгелүү топтун мүчөлөрүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
- Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 3-ноябры
№ 333