№ 144 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш-аракеттеринин, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредиттөө жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочу катары Кыргыз Республикасындагы шайлоо системаларынын эл аралык фондусунун өкүлдөрү аккредитациялансын (тизме тиркелет).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 22-ноябры
№ 144
Тиркеме
Кыргыз Республикасындагы шайлоо системаларынын эл аралык фондусунан (IFES) аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын
ТИЗМЕСИ
|
Күб.№ |
Байкоочу өкүлчүлүк кылган эл аралык уюм |
Ф.А.А. |
Өлкө |
Ээлеген кызматы |
|
09 |
IFES |
Шевкун Дмитрий Владимирович |
Туркменистан |
КРги IFES миссиясынын башчысы |
|
10 |
IFES |
Физерстон Августа Кей |
АКШ |
АКШгы IFES программдык кызматкери |
|
11 |
IFES |
Орехов Александр Дмитриевич |
Кыргыз Республикасы (КР) |
КРги IFES программдык координатору |
|
12 |
IFES |
Мамадиева Гулжан Суйунбайева |
КР |
КРги IFES программдык кызматкери |
|
13 |
IFES |
Мамеева Бермет Аскарбековна |
КР |
КРги IFES программдык кызматкери |
|
14 |
IFES |
Пак Наталья Геннадьевна |
КР |
КРги IFES офис-менеджери |
|
15 |
IFES |
Тищенко Роман Владимирович |
КР |
КРги IFES IT-менеджери |
|
16 |
IFES |
Моргунов Владимир Иванович |
КР |
КРги IFES логистика боюнча жардамчы |
|
17 |
IFES |
Усубалиева Гульмира Тургунбековна |
КР |
Шайлоо комиссияларын окутуу боюнча координатор |
