Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун    документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун    ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын: 

финансылык маселелер боюнча:

- Төлөгөнова Назгүл Төлөгөновна, 1977-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

шайлоо боюнча:

-Сейтказиев Анаш Токтосунович, 1958-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Рахманкулов Номонжан, 1956-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Байтемиров Усупбек Кайыпович, 1959-жылы туулган, жеке ишкер;

-Барктабасов Алымбек, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Абдуллаев Исраил Мирзаканович, 1954-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Сайназаров Муратбек Тажибаевич, 1962-жылы туулган, жеке ишкер;

-Сапаров Абдиразак Абдираимович, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Сулайманов Нуркул, 1950-жылы туулган, пенсионер;

-Сайназаров Куватбек Тажибаевич, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-Кенжебаева Күлжакан Молдобековна, 1961-жылы туулган, Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайында китепканачы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 10-августу

№ 94