Башкы БШКнын ЧУА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 289 «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин …

№ 289 «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 1

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 2 сентября 2010 года, № 192 Об уполномоченном представителе политической партии «Республика» от 4 сентября 2010 года, №193

 

«Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №115 токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жогоруда аталган токтому менен бекитилген шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ жободо:

- 1-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүүдѳ шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана түзүү тартибин белгилейт.»;

- 2-пунктта «үгүт иштерин жүргүзүүдѳ» деген сѳздѳрдѳн кийин «талапкерлер,» деген сѳз менен толукталсын;

- 4-пунктта «медиа-уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн» деген сѳздѳр «медиа-уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн (жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда)» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;

- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

«41. Аймактык шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлөт. Мында Жумушчу топтун курамы ушул Регламенттин 4-пунктуна ылайык мүчөлөрдүн ичинен түзүлөт.»;

- 3-главанын аталышы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«3-глава. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары жана иштѳѳ тартиби»;

- 8-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«8. Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү ишке ашырат:

- негизги иштердин календардык планына ылайык шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ шайлоочуларды, талапкерледи, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоону;

- маалыматтык материалдардын (теле- жана радио берүүлѳрдүн, теле- жана радиороликтердин, басылма продукциялардын) тематикасын иштеп чыгууну;

- негизги уюштуруучулук-практикалык иштердин календардык планына ылайык маалыматтарды жана материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоонунун зарылдыгы жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдоону;

- шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ шайлоочуларга жана башка шайлооунун катышуучуларына маалдымдоо боюнча Борблордук шайлоо комиссиясынын иш-чараларына катышууну;

- талапкерлерге, саясий партияларга эфирдик убакытты, басылма аянттарын берүүгѳ даяр экендиктери жѳнүндѳ билдирмелерди, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү уюмдары жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалар тарабынан берилген талапкерлерге, саясий партияларга эфирдик убакытты, басылма аянттарын берүүгө даярдык, ошондой эле аларды төлөөнүн көлөмдөрү жана башка шарттары жөнүндө билдирмелерди, маалыматтык материалдарын топтоону жана системага салууну;

- талапкерлер, саясий партиялар, же алардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына берилген басма же башка үгүт материалдарынын же алардын көчүрмөлөрүнүн нускаларынын эсебин жүргүзүүнү;

- коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилген Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланышкан маалыматтык басылма жана аудиокѳрүү материалдарын кароону;

- шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоолордун натыйжаларын жарыялоого тийиштүү маселелерди кароону;

- шайлоо кампаниялары мезгилинде талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары жана башка шайлоо процессинин субъектери тарабынан жол берилген шайлоо кампаниясынын мезгилинде шайлоо алдында үгүт жөргүзүүнү жөнгө салуучу шайлоолор жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарды бузууларга мониторинг жүргүзүүнү;

- тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) даярдоону жана кабыл алууну жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизүүнү;

- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнү маалымдоо маселелери, анын тартиби жана шарттары боюнча тѳмѳн турган шайлоо комиссияларына, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларына, интернет-басылмаларга, шайлоо алдындагы кампанияга катышкан медиа-уюмдарга, анын ичинде маалымат агентигинин жетекчилерине, башка кызыкдар уюмдарга жана адамдарга консультативдик жана усулдук жардамдарды берүүнү.

- тийиштүү аймактагы шайлоочуларга маалымдоону жүргүзүүдө төмөн турган шайлоо комиссияларына көмөктөшүү, усулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү.»;

- 3-главада:

тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 81 пункт менен толукталсын:

«81. Төмөн турган шайлоо комиссияларынан, тиешелүү органдардан, уюмдардан, алардын кызмат адамдарынан, жеке адамдардан даттанууларды жана кайрылууларды кароого зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды өз алдынча сурап алууга Жумушчу топ укуктуу.»;

тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 101 пункт менен толукталсын:

«101. Шайлоо комиссияларына келип түшкѳн арыздар (даттануулар, билдирүүлѳр, материалдар) алдын ала Жумушчу топ тарабынан каралат.

Жумушчу топ ѳзүнүн жыйынында келип түшкѳн арыздардын (даттануулардын, билдирүүлѳрдүн, материалдардын) предметин белигилейт жана тѳмѳнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) шайлоо мыйзамдарында каралган бузуулардын белгилерин аныктоодо шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте арыздарды кароо жѳнүндѳ чечим кабыл алуу;

2) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳрүндѳ кодексинде (мындан ары – Кодекс) каралган бузуулардын белгилери аныкталганда арыздарды (даттанууларды, билдирүүлѳрдү, материалдарды) кароого жѳнѳтүү жана ыйгарым укуктуу кызмат адамына уруксат берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алат.

Мында Жумушчу топ арыздарда (даттанууларда, билдирүүлѳрдѳ, материалдарда) Кодекстин 44-47-беренелеринде каралган бузуулардын белгилери болгондо ишти, эреже катары, шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте карайт*.»;

- 11-пункт тѳмѳнкүдѳй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартиби бузулгандыгы белгилүү болгон учурда, шарттарды (окуяларды), ишти иликтеп чыгып, чечимдин долбоорун Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын кароосуна киргизүүгѳ укуктуу.»;

- 4-главада:

тѳмѳнкүдѳй мазмундагы 121 пункт менен толукталсын:

«121. Жумушчу топтун мүчѳсү, эгерде аракеттери тике же кыйыр түрдѳ Жумушчу топтун ошол мүчѳсүнѳ карата жеке тийиштиги бар болгон шайлоо процессинин субъектисинин аракети (аракетсиздиги) Жумушчу топтун кароосунун предмети болуп саналганда, талкуулоого жана добуш берүүгѳ катышпайт.»;

тѳмѳнкүдѳй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«*Бузуулар жѳнүндѳ кодекс

44-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу

45-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу

46-берене. Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы

47-берене. Тоголок үгүт материалдарын таратуу».

2. Тѳмѳндѳгүлѳр күчүн жоготту деп таанылсын:

- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ шайлоочуларды жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо маселеси боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №160 токтому;

- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу”Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-октябрындагы №162 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобону бекитиүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы №151 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы №154 токтому;

3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., «02» ноябрь 2020-жыл

№ 289